Биз менен байланышыңыз

Студент ишкерлер өлкөгө пайдалуу бизнес долбоорлорду көрсөтүштү

Коом | 2 Июн 2023 | 221 | 0

Өлкөнүн бардык жогорку окуу жайларынан келген студенттер бир жыл бою даярдаган бизнес долбоорлорун Жаштар ишкердигинин улуттук кубогунда сунушташты. Быйылкы иш-чарага айыл чарбасындагы жаңы технологиялар, социалдык ишкердик, билим берүү, экология жана башка ушул сыяктуу багыттагы долбоорлорду алып келген 20дан ашык команда катышты.

Мелдештин катышуучулары «Улуттук чемпион» наамы үчүн ат салышты. Жеңүүчү команда ушул жылы күздө Нидерландынын Утрехт шаарында өтө турган Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан катышууга жолдомо алат. Студенттердин бизнес долбоорлору жана иш-чаранын зарылчылыгы тууралуу алдыда кененирээк токтолобуз. 

Ош мамлекеттик университетинин студенти Сюита Абдыкадырова командасы менен үч бизнес долбоор даярдап келген. Бул долбоорлор өлкөдө эң негизги көйгөйгө айланган миграция жана жумушсуздук маселелерин чечүүгө багытталган.

«Үч долбоор менен келдик. Биринчи долбоор «Жаңгактан» деп аталат. Биздин Арсланбаптагы жаңгактарды ар кандай даамы менен чыгарууга багытталат. Анткени баарына белгилүү болгондой, акыркы жылдары жаңгакка суроо-талап азайып кетти, муну менен күрөшүү максатында биз жаңгактарды ар кандай даамдар менен чыгаралы деп жатабыз. Экинчи долбоор «Смарт теплица» же «Акылдуу күнөскана» деп аталат. Бул күнөсканаларды автоматташтыруу болуп эсептелет. Тактап айтканда, биз күнөсканаларга система орнотобуз, анын аркасында фермелер күнөскананын температурасын, жердин нымдуулугун жана башка ушул сыяктуу маселелерди алыскы аралыктан эле текшерип тура алышат. Үчүнчү долбоор Өзгөн районундагы айылдарда жер көчкүнү алдын алууга багытталат».

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенти Мырза Ибраев командасы менен «Агродрон» аттуу долбоор даярдап келген. Агродрондор жашылча-жемиш өстүрүүгө керектелет.

«Агродрон гербицид, пестицид, суюк жер семирткич чачат. Экологдор азыр суу маселесин көтөрүп, кургакчыл болот деп көп айтып жатышат. Мисалы, трактор 1 гектар жерге 200 литрден көбүрөөк суу сарптайт, ал эми агродрон бир гектарга 10 литр суу сарптайт. Салыштырмалуу суу 20 эсе үнөмдөлүп жатат».

Жаштар ишкердигинин улуттук кубогу — жаштар үчүн бизнес чеберчилигин көрсөтүү, инновациялык идеяларды сунуштоо, нетворкинг, тажрыйба алмашуу үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүк.

Иш-чарада студенттер ишинин жылдык натыйжаларын көрсөтүштү. Калыстар тобу командаларды идеясынын жаңычылдыгы, каржылык туруктуулугу, узак мөөнөттүү пайда алып келери жана башка ушул сыяктуу көптөгөн ченемдер менен баалашат.

Иш-чараны уюштурган Enactus Kyrgyzstan уюмунун директорлор кеңешинин мүчөсү Арсланбек Кененбаевдин айтымында, бүгүнкү күндө университеттерде студенттер үчүн теориялык билим гана берилип, иш жүзүндө бизнес жасай албагандар көп.

Ошол себептен Enactus Kyrgyzstan уюму айрыкча аймактардагы студенттерге өз айылдарында социалдык бизнес ачып, тургундардын жашоосун жеңилдеткенге мүмкүнчүлүк берип жатат.

«Кыргызстанда ишкерлер жетишсиз. Ошондуктан кыргызстандыктар Орусияга, Дубайга, Түркияга, Америкага кетип, ошол жактан акча таап жатышат. Бизде ишкерлер көбөйсө, жумуш орундар түзүлөт, ошондуктан биздин максатыбыз: өлкөдө жаш ишкерлердин санын көбөйтүп, аларга жардам берүү менен мамлекеттин экономикасын өнүктүрүү».

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жаштарды ишкердикке көндүрүү келечектеги экономиканын өнүгүүсүнө таасир берет деп эсептейт. Буга байланыштуу жаштарды колдоого 10 млн сом бөлүнгөнүн маалымдады.

«Президент жана өкмөт башчысы жаштарды колдоо үчүн казынадан 10 миллион сом бөлдүрдү. Быйылкы долбоор жашыл экономика, санариптештирүү жана лидерлерди калыптандыруу багытында өтүп жатат. Биз жаштарды, студенттерди жашыл экономикага үйрөтпөсөк, экологияга зыян келтирбеген ишкердикти өздөштүрбөсөк, жасаган иштер максатына жетпейт. Ошондуктан ишкерлерди жашыл экономиканы өнүктүрүүгө, экологияны сактоого үндөп жатабыз». 

Улуттук кубокто уткан команда дүйнөлүк сынакка Кыргызстандын атынан барат. Дүйнөлүк кубокто Жер шарындагы ар кайсы өлкөлөрдөн барган бир нече миң студентти дүйнөгө белгилүү компаниялардын өкүлдөрүнөн куралган калыстар тобу сынактан өткөрөт. Ал быйыл Нидерландынын Утрехт шаарында болот.

Copyright © 2017 Maral FM