Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги менчик объектилердин тосмолору алынат

Кыска кабар | 2 Июн 2023 | 345 | 0

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюндагы жеке менчик объектилердин тосмолору алынат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Мэрдин орун басары Мурат Осмонов текшерүү жүргүзүп, Ленин районунун акими Мураталы Тагаевге ACT BUILDING курулуш компаниясы менен бир жуманын ичинде курулуш объектисинин тосмосун демонтаждоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле эки жумада проспектинин жээгинде жайгашкан жеке турак жайлардын тосмолорун иретке келтирүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

«Тазалык» муниципалдык ишканасына Ч.Айтматов проспектиси менен Масалиев көчөсүнүн кесилишиндеги контейнерлерди көчүрүп, бошогон аянтчаны көрктөндүрүү тапшырылды.

«Бишкек башкы архитектура» мекемесине жана Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине бир жума ичинде Ч.Айтматов проспектиси менен Ы.Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер тилкесин жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM