Биз менен байланышыңыз

2-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 1 Июн 2023 | 288 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык эртең, 2-июнда түнкүсүң Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31;

Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;

Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 28…30 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM