Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: Талапкерлердин бири добуш сатып алууга шектелүүдө

Кыска кабар | 1 Июн 2023 | 273 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 28-майда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлердин бири добуш сатып алууга аракет жасаганын кабарлады.

Буга байланыштуу талапкерге Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүмү (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу)  менен иш козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө талапкер С.У.А. жана анын айланасындагылардын үгүт мезгилинде шайлоочуларды сатып алуу аракети көрүлгөнү, шайлоо фондуна кирбеген каржыны, административдик ресурсту пайдаланганы, шайлоочуларды добуш берүүчү жайларга ташыганы аныкталып, далилдер алынган.

УКМК учурда иштин бардык жагдайын аныктоого аракет көрүп жатышканын, чогултулган материалдар Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөрүн маалымдады.

Улан Сариев №26 Ленин округунан депутаттыкка талапкер болгон. Ал шайлоого катышкандардын 11,88%ынын добушун алган. Алдыда келе жаткан талапкер Дамира Ниязалиевадан кийинки экинчи катарда эле.

Дамира Ниязалиева боюнча да 29-майда Борбордук шайлоо комиссиясына арыз түшүп, талапкер тарабынан добуш сатып алуу аракети болушу мүмкүн экени кабарланган. Анын штабында да тинтүү жүргүзүлүп, штабы жабылган. Кийин бул ишке байланыштуу эки киши кармалганы кабарланган.

Бишкекте 28-майда №26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM