Биз менен байланышыңыз

1-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 31 мая 2023 | 188 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 1-июнга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +24…+29,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+26.

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +28…+30 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM