Бүгүн, 31-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокурордун сунушун иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.
Комиссиянын курамына Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Фарходбек Алимжанов, Мирлан Самыйкожо, Динара Ашимова кирди.