Биз менен байланышыңыз

31-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 30 мая 2023 | 203 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 31-майда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31,

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +26…+31,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26.

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +28…+30 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM