Биз менен байланышыңыз

Жылкыбаев: Шайлоону демалыш күнү эмес, жума күнгө которуу боюнча сунуштар бар

Кыска кабар , Пикирлер | 29 мая 2023 | 1250 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев шайлоо мыйзамдары азыр каралып жатканын, жарандарды милдеттендирүү жана шайлоо күнүн өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилерин «Марал» радиосунун эфиринде айтты.

«Шайлоону демалыш күнү эмес, жума күнгө которуу боюнча сунуштар бар. Анткени эмгек кодексине ылайык, демалыш күнү жарандар эс алууга укуктуу. Ал эми шайлоону жума күнү койсок, жумуш күнүн эс алдырып, бирок шайлоого катышууга милдеттендиребиз. Экинчиден, жума күнү жарандар намазга барышат, ыйык күнү добуш сатып алуу, ыплас иштерге моралдык жагынан тоскоолдук болобу деген ойлор бар. Бул боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар айтылып жатат».

Белгилей кетсек, кечээ, 28-майда Бишкектин №26 Ленин шайлоо округунда бир мандаттуу ЖК депутатын шайлоо өттү. Анда шайлоочулардын болгону 14% катышты. Бул Кыргызстандын тарыхындагы эң төмөн көрсөткүч болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM