Биз менен байланышыңыз

Баңгизаттарды таратууга шектелген жаран кармалды

Кыска кабар | 29 мая 2023 | 347 | 0

Ички иштер органдары жүргүзгөн ыкчам иликтөө учурунда Чүй облусунда, Бишкек шаарында баңгизат сатууну уюштурууга шектелген 1984-жылы туулган жаран кармалды. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шектүүнү кармоо жана ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда Toyota үлгүсүндөгү унаасынан баштыкка оролгон өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат кочкул күрөң түстөгү каннабис чайыры (гашиш) экендиги аныкталган.

Андан сырткары алынган маалымат боюнча Бишкек шаарында жашаган Баткен облусунун тургуну С.Т. ритуалдык ырым-жырымдарды жасап, алдоо жолу менен жарандардын мүлкүн ээлеп алган. Айрым учурда көздөгөн максатына жетүү үчүн коркутуп да жүргөн.

«Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзүшкөн. Кармоо иш-чарасы Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн. Кармалган жаранга жогорудагы берене боюнча шектелип жаткандыгы маалымдалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөөнү ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM