Биз менен байланышыңыз

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо: Беш талапкерге күрөө кайтарылат

Кыска кабар | 29 мая 2023 | 488 | 0

Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо алдын ала маалыматтарга ылайык, Дамира Ниязалиева көпчүлүк добушка ээ болду (35,83 пайыз).

Автоматтык эсептөөчү урналардан алынган бюллетендерди иштеп чыгуунун жүрүшүндө алынган жыйынтыктар көрсөткөндөй, мандат үчүн дагы төрт талапкер беш пайыздык босогодон өткөн.

Акыл Айтбаев 5,67 пайыз, Илимбек Аттокур уулу 5,15 пайыз, Эртай Искаков 7,56 пайыз, Улан Сариевге 11,88 пайыз добуш алган. Бул талапкерлер 100 000 сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн алышат.

Баарына каршы добушу 2,16 пайызды түздү.

Шайлоочулардын катышуусу төмөн болгонуна карабай, шайлоо өттү деп табылды.

Copyright © 2017 Maral FM