Кримтөбөл Камчы Асанбек (Камчы Көлбаев) уюштурган кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМК берген маалыматка караганда, алар көп жылдан бери Кытайдан экспорттолгон товарларды ишкерлерден, башка жарандардан тартып алып турушкан. Мындай кылмыштуу схеманы Кыргызстандын ичинде да, КМШнын башка мамлекеттеринде да уюштурушкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмү (алдамчылык) менен иш козголуп, анын негизинде 23-майда «Алтуха» каймана ысымдуу А.И. жана А.К., «Протез» каймана ысымдуу А.Ш., «Кения» каймана ысымдуу К.Т. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, алардын бир эле жеке менчик транспорттук-логистикалык компаниядан тартып алган жүктөрүнүн жалпы баасы 385 миң долларды түзгөн.
Учурда булардын башка да кылмыш иштерине катышы бар-жогу иликтенип жатканы айтылды.
УКМК бул адамдардан же башка кылмыштуу топтордон жабыркаган жарандар болсо, укук коргоо органдарына кайрылууга чакырат.