Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Баткен жана Согди облусунун жетекчилери жолукту

Кыска кабар | 24 мая 2023 | 199 | 0

Бүгүн, 24-майда президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражоббой Ахмадзода баштаган жетекчилердин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусу кыргыз-тажик чек арасында өткөн.

Анда чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, чагымчыл маалыматтарга жол бербөө жагы сүйлөшүлдү. Аны менен катар чек ара аймактарында учкучсуз аппараттарды (дрон) учурбоо макулдашылды.

Ошондой эле тараптар чек ара айылдарында сугат сууну өз ара макулдашуу менен пайдалануу, пикир келишпестиктерге жеткирбөө жагын да талкуулашты.

Жолугушууга эки тараптан тең чектеш райондордун акимдери жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM