Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 25-майга караган түнү Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25,
Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16,
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +21…+23 градус болот.