Биз менен байланышыңыз

Атактуу диктор Бактыбек Мамытовго эстелик тургузулду

Кыска кабар | 23 мая 2023 | 629 | 0

Бүгүн, 23-майда «Ала-Арча» көрүстөнүндө кыргыз телекөрсөтүүсүнүн легендасы, чыгаан диктор, Кыргыз эл артисти Бактыбек Мамытовдун эстелиги ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Ачылышта сөз сүйлөгөндөр Бактыбек Мамытовдун диктор катары балдарга, жаштарга, улууларга арналган көрсөтүүлөрдү, жаңылыктарды, саясий-коомдук берүүлөрдү, айыл чарба, укуктук, тармактык көрсөтүүлөрдү, өзгөчө «Арноо концерти» сыяктуу берүүлөрдү, мамлекеттик деңгээлдеги расмий иш-чараларды, майрамдык ири салтанаттарды бийик чеберчиликте алып барганы, кайталгангыс үнү, мукам тембри, манерасы, көрүүчү, угуучуну арбап алганы эскерилди.

Мындан сырткары Бактыбек Мамытов ар бир кыргыз үй-бүлөсүнүн бир мүчөсү катары эл сыймыгы, эл адамына айланганы менен башкалардан айырмаланганы баса белгиленди.

Бактыбек Мамытов 1950-жылы азыркы Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында төрөлгөн. 1967-жылы Чүй районунун «Октябрь» айылындагы орто мектепти аяктап, совхоздо эмгек жолун баштаган. 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган.

1975-жылдын мартында Кыргыз ССРинин Телерадио комитетине (азыркы УТРК) ишке алынган. Дээрлик 40 жылдан ашуун аталган мекемеде диктор катары эмгек өтөгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM