Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жаңы жетекчи дайындалды

Кыска кабар | 23 мая 2023 | 222 | 0

Мамлекеттик өнүктүрүү банкын эми Талантбек Өмүралиев жетектейт. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фонду кабарлады.

Банкка ушул жылдын 19-апрелинде Улан Сарбанов директор болуп дайындалган. Бир айдын ичинде эле кызматтан кетүү себебин Улан Сарбановдун Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондун жетектей турганы менен түшүндүрүштү.

Бишкек шаарындагы Москва көчөсү, 151 дарегинде жайгашкан Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 2022-жылы 31-майда Министрлер кабинетинин чечими менен түзүлүп, ошол жылы 25-июлда каттоодон өткөн, 27-октябрда ишин баштаган.

Банктын негизги максаты: чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн насыя берүү. Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жалпы капиталы 2 миллиард сомду түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM