Биз менен байланышыңыз

Эсептөө палатасынын кызматкери пара алууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 23 мая 2023 | 155 | 0

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облусундагы бөлүмүнүн кызматкери В.Ш. пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кылмышка шектүү Жумгал районунун Таш-Мойнок айыл аймагынын каржылык-чарбалык ишин текшерүүдө оң чечим чыгарып берүү үчүн мурдагы айыл өкмөт А.М.дан 160 миң сом пара сурап, 19-майда 100 миң сомун алып жаткан учурда колго түшкөн.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара алуу) менен иш козголуп, шектүү УКМКнын Бишкек шаардык тергөө абагына камакка алынган.

Учурда кармалган адам сурак берип жатат. Ошондой эле бул ишке тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM