Connect with us

Токторбаевдин малга салык салуу сунушу коомдук талкууга чыкты

Кыска кабар | 23 Май 2023 | 451 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев демилгелеген малга салык салуу мыйзам долбоору 22-майда коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам долбоордо 40 кой-эчки, 3 уй, 2 жылкыдан өйдө малы барларга салык салуу каралган. Эгер долбоор кабыл алынса, малы көптөр 1 кой же эчки үчүн 100 сомдон, 1 бодо (уй, топоз, жылкы) үчүн 250 сомдон төлөөгө өтөт.

Малына салык төлөгөндөр от акыдан (жайыт салыгынан) бошотулат.

Чогулган салык жергиликтүү бюджетке түшөт.

Copyright © 2017 Maral FM