Биз менен байланышыңыз

Бишкектин айрым жерлеринде 5 күн газ болбойт

Кыска кабар | 22 мая 2023 | 177 | 0

Бишкектин айрым жерлеринде 5 күн газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» шаардык газ кызматы билдирет.

Газ кызматынан белгилешкендей, 22-майдан 26-майга чейин борбор калаанын Фере – Мусоргский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө жаратылыш газынын сызылып агышын жоюу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу Саадаев, Жапаров, Республиканская (Ала-Арча дарыясы), ЧЧК, Дачная көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM