Биз менен байланышыңыз

Сокулукта балыктардын массалык кырылышы боюнча анализдин жыйынтыгы чыкты

Кыска кабар | 22 мая 2023 | 188 | 0

Айыл чарба министрлиги балыктар массалык түрдө кырылып жаткан Чу дарыясынан алынган үлгүлөрдүн анализинин жыйынтыгын жарыялады.

Маалыматка ылайык, 16-майда Чу дарыясында балыктардын өлгөндүгүнө байланыштуу Сокулук райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жеринде балыктын патологиялык материалдары жана суунун үлгүлөрү алынган.

«Жыйынтыгында бүгүнкү күндө текшерилген балыктардан мышьяк, нитрат, нитрит сыяктуу уулу заттар, паразитологиялык ооруулар аныкталган жок. Ошондой эле суунун курамын текшергенде андан да эч кандай токсикалык элементтер аныкталган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Чу дарыясынан балыктардын массалык өлүмү катталып, Айыл чарба министрлигинин Сокулук райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери жеринде балыктын патологиялык материалдарын жана суунун үлгүлөрүн алышкан.

Сокулукта балыктардын массалык кырылышы териштириле башталды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM