Connect with us

Бишкекте «бомба коюлду» деп жалган маалымат берген адам 6 айга камалды

Кыска кабар | 20 Май 2023 | 154 | 0

Бишкекте телефон аркылуу «бомба коюлду» деп жалган маалымат берген адам 6 айга абакка кесилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 3-февралында Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде колго жасалган жардыруучу зат тууралуу жашыруун маалымат түшүп, бирок тастыкталган эмес.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси («Террорчулук актысы жөнүндө билип туруп жалган маалымат берүү») боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө террорчулук тууралуу жалган маалымат тараткан 40 жаштагы Н.А.А. аттуу жаран кармалып, муну бейбаштык үчүн жасагандыгын мойнуна алган.

18-майда Биринчи Май райондук соту тарабынан күнөөлүү деп табылып, алты айга эркиндигинен ажыратылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM