Биз менен байланышыңыз

Дмитриевкадагы атышууда күч органынын эки кызматкери жараат алды

Кыска кабар | 17 мая 2023 | 371 | 0

Чүй облусунун Дмитриевка айылындагы атышуудан күч органынын эки кызматкери жараат алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлеринин бири үйүнө дарыланууга чыгарылды, экинчиси Улуттук госпиталга жаткырылат.

17-майда Дмитриевка айылында тоноого шектелген жаранды кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлгөн. Шектүү куралдуу каршылык көрсөткөндүктөн, ошол жерде өлтүрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM