Биз менен байланышыңыз

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугу күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөнөт

Кыска кабар | 17 мая 2023 | 359 | 0

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн «Акыркы коңгуроо»  жана «Бүтүрүү кечелери» учурунда күчөтүлгөн тартипте иштейт.

Ушул багытта жана 10, 20, 30 жылдык жолугушуу учурундагы ар кандай мыйзам бузууларды болтурбоо үчүн ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

Бүгүндөн тарта коопсуздук кызматкерлерине ата-энелерге, мугалимдерге жолугуп, бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун биргеликте көзөмөлдөө чараларын көрүү тапшырмасы берилди.

Айрыкча бүтүрүүчүлөрдүн уруксатсыз унаа айдап же жалдап кетип калбашы, табият койнунда, эс алуучу жайларда ичимдик ичип, ар кандай жаман иштерге, жол кырсыгына кабылып калбашы үчүн атайын иштер уюштурулат.

Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарында 25-майда саат 9:00дө «Акыркы коңгуроо» салтанаты өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM