Биз менен байланышыңыз

Бишкекте музейлер күнү белгиленет

Кыска кабар | 16 мая 2023 | 204 | 0

18-майда Бишкекте музейлердин эл аралык күнү белгиленет. Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, бул күнгө карата бир катар иш-чаралар уюштурулат.

Саат 09:00дөн 22:00гө чейин:

-Исхак Раззаковдун үй-музейи (Чуйков көч., 90),

-Сүймөнкул Чокморовдун музей-өнөрканасы (Токтогул көчөсү, 170),

Токтогул Сатылганов атындагы адабият музейинде (Токтогул көчөсү, 109) ачык эшиктер күнү өтөт.

Саат 15:00дөн 22:00гө чейин О.М.Мануйлованын мемориалдык үй-музейинде (Тыныстанова көч., 108) ылайдан портрет жасоо боюнча мастер-класстар уюштурулат.

Саат 15:00дөн 22:00гө чейин С.А.Чуйковдун мемориалдык үй-музейинде (Чуйков көч., 87а) сүрөтчү В.Ф.Руппел заманбап искусство боюнча жана Салкынай Адышева макраме, жип боюнча мастер-класстарды өткөрүшөт.

Ушул эле убакытта А.Токомбаевдин мемориалдык үй-музейинде (Чуйков көч.) жана Г.Айтиевдин музей-өнөрканасында (Тыныстанов көч., 78) иш-чаралар уюштурулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM