Connect with us

Кыргыз-казак чек арасындагы Чу дарыясынын жээгин бекемдөөгө 50 млн сом бөлүндү

Кыска кабар | 16 Май 2023 | 322 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары Нурланбек Азыгалиев жана бир катар депутаттар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тийиштүү жетекчилер менен бирге Чу дарыясынын суу жеп кеткен тилкелери менен жеринде таанышты.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында аталган жагдай боюнча маселе көтөрүлүп, төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев өз көзөмөлүнө аларын билдирген. Ага ылайык, суу нугунун өзгөрүшүнө байланышкан көйгөйлөрдү жеринде көрүү чечими кабыл алынган.

Эл өкүлдөрү алгач Чүй, Ысык-Ата жана Аламүдүн районундорунан өткөн Чу дарыясынын кооптуу делген жээктерин көрүп, тармакты тейлеген жетекчилерден маалымат алышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү суунун жээктерине дамбалар орнотулбагандыктан, нугу өзгөргөнүн белгилешти. Тагыраагы, кыргыз-казак чек ара тилкесин бойлой аккан дарыянын жээгин бекемдөө бир топ жылдан бери чечилбей келген маселеге айланган.

Иш чаранын жүрүшүндө бул жылы дарыялардын жээгин бекемдөөгө жана селден коргоо иштерине жалпысынан  176 млн сом каралганы маалымдалды. Андан тышкары капиталдык салымдар беренесине ылайык, Чу дарыясынын жээгин бекемдөөгө 50 млн сом бөлүнгөнү айтылды.

Жыйынтыгында төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев жээкти бекемдөө ишин тез арада жүргүзүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди. Аны менен катар Жогорку Кеңештин жыйынында жана тармактык комитеттердин отурумунда аталган маселе талкууланары белгилүү болду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM