Connect with us

Кыргыз киночулары Канн кинофестивалына катышат

Кыска кабар | 16 Май 2023 | 319 | 0

Кыргыз киночулары Францияда 16-майдан 27-майга чейин өтө турган эл аралык Канн кинофестивалына катышат. Бул тууралуу «Сорос Кыргызстан» фондунан кабарлашты.

Кинофестивалдын алкагында кыргыз тасмалары үчүн стенд ачылат. Ал Кинематография департаментинин каржылоосунда уюшулду. «Сорос-Кыргызстан» фонду да Kyrgyz Сinema стендинин уюшуусун жана жасалгасын колдоого алган.

Канн кинофестивалында кыргыз тасмалары үчүн көргөзмө биринчи жолу 2021-жылы ачылган.

Кинофестиваль 1946-жылы түзүлүп, ар жылы май айында Канн шаарында өтүп турат. Азыркыга чейин кино өндүрүшүнүн 12 500 кесипкөй чебери тасмалары менен долбоорлорун тартуулашты.

Акыркы он жылда кыргызстандык ар кыл муундун белгилүү кинорежиссёрлорунун «Сүтак», «Кентавр», «Көч», «Курманжан Датка», «Атанын керээзи», «Шамбала», «Акыркы көч», «Дарак ыры», «Көл» жана башка тасмалары беделдүү эл аралык кинофестивалдардын лауреаттары болду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM