Биз менен байланышыңыз

Бишкекте инклюзивдик билим берүүдөгү көйгөйлөр талкууланды

Билим-маданият , Коом | 12 мая 2023 | 611 | 0

Бүгүн, 12-майда Бишкекте «Биздин мектеп» долбоорунун алкагында уюшулган инклюзивдик билим берүү боюнча экинчи форум болуп өттү.

Анда тажрыйбалуу мугалимдер жана эксперттер педагогикалык башкаруучу усулдары тууралуу маалыматтар менен бөлүшүп, инклюзивдик билим берүүгө байланышкан инновацияларды талкуулашты. Ошондой эле панелдик талкуулар уюштурулуп, мектептердин инклюзивдик режимге өтүүсүнүн чет өлкөлүк жана ата мекендик сыналган моделдери көрсөтүлдү.

Инклюзивдик билим берүү деген эмне? Аны өнүктүрүүдө кандай маселелер бар? Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кандай окутулушу керек? Темага алдыда кененирээк токтолобуз. 

Нарын облусундагы №10 мектептин мугалими Толкун Карыпова ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кантип окутарын айтып берди.

«Эгер окуучу сабакта бир нерсе түшүнбөй калса, сабактан кийин 15-20 мүнөт жекече отуруп иштейбиз. Алардын психологиясын, ойлорун, максаттарын билүүгө аракет кылам. Чыгармачылык аркылуу, маселен, сүрөт тарттырып, жан дүйнөсүн ачканга аракет кылам».

Форумдун экинчи бөлүгүндө Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун сынактык мектептеринин 7 тайпасы үчүн интеллектуалдык викторина өткөрүлдү. Мыкты катышуучулар диплом жана эстелик байгелер менен сыйланды. Иш-чаранын жүрүшүндө сынактык мектептердин окуучуларынын көргөзмөсү өтүп, биргелешкен флешмоб уюштурулду.

Иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги, Борбор Азиянын Евразия фонду тарабынан демилгеленип, «Сорос-Кыргызстан» фондунун каржылык колдоосу астында өттү.

Форумду уюштурган Борбор Азиядагы Евразия фондунун жетекчиси Анара Надырбекова өзгөчө балдарды коомго аралаштыруу жана жалпы билим берүүчү жайларга киргизүү жаатында Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда чоң иш жасалып жатканын, бирок инклюзиялык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча дагы далай иштер талап кылынарын айтты:

«Азыркы мезгилде үч гана мектепте көмөк көрсөтүү кызматтары көрсөтүлөт. Эгер ар бир мектепте көмөк көрсөтүү кызматтары жана медициналык пункттар ачылса, татаал формадагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кабыл алууга шарттар болмок. Биз көрүп жатабыз, ар бир экинчи бала атайын адаптивдүү физкультура сабагына муктаж болуп жатат. Бирок ага каражат жетишсиз болуп турат. Ошол себептен бул жаатта да көп иштерди алып барышыбыз зарыл».

Инклюзивдик билим берүүнү толук кандуу ишке ашырып, орто мектептерде өзгөчө балдарды бөлүп-жарбай, коомдо өгөйлөбөй кабыл алууну ишке ашыруу үчүн укуктук-нормативдик пайдубал бекем болуп, мыйзамдар толук кандуу иштеши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев айтып, майыптыгы бар балдарды кадимки мектепте окутуу боюнча мыйзам долбоору даярдалып, парламентке сунушталганын белгиледи.

«Биз мектептерге ваучердик системаны киргизип, майыптыгы бар балага кадимки окуучуга караганда эки эсе көбүрөөк каражат бөлүү керек деп жатабыз. Ошондо мектептер ушундай балдарды алууга кызыкдар болот. Анткени булар — биздин коомдук бир бөлүгү. 30 миң бала — абдан көп, аларга биз жөнөкөй, жеңил шарт түзүп берсек, коомго аралашып, өздөрүн моралдык жактан жакшы сезип, келечекте ордун табууга мүмкүнчүлүк болот».

Кыргызстанда майыптыгы бар миңдеген бала атайын жайларга бөлүнүп, толук кандуу медициналык жардам, билим албай, укуктары чектелүүдө. Бул билдирүүнү эл аралык Human Rights Watch уюму атайын отчётунда жарыялаган.

Кыргызстанда майып балдарды окутуунун бир нече түрү бар. Алар үчүн атайын мектептер, бала бакчалар иштеп, көпчүлүгү үйүнөн билим алат. Эл аралык укук коргоочу уюм бул билим берүүнүн сапатын да анализдеп, талапка жооп бербейт деп тапкан. Себеби, педагогдордун көбү тажрыйбасыз болууда.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөрдүн балдарына билим берген Шахрезада Аскарова балдарды атайын чыгармачыл ыкма менен окутуп келе жатат.

«Биз Октябрь акимиаты, TIKA түрк уюму жана Борбор Азиядагы Евразия фонду менен биргеликте борбор ачтык. Эки жылдан бери балдарды окутуп, аябай жакшы иштешип келе жатабыз. Ийгиликтерибиз, жетишкендиктерибиз болуп, балдардын ата-энелери аябай кубанып жатышат. Балдардын келечеги кең болоруна үмүттөнөбүз, себеби чыгармачылык жана маданият ар дайым жакшы нерселерге алып барат эмеспи».

Адам укугу боюнча эл аралык талаптарга ылайык, ар бир майып бала өз үйүндө тарбияланып, сапаттуу, жалпы билим алууга укуктуу.

Кыргызстанда 30 миңдин тегерегинде 18 жашка толо элек майып бала бар. Алардын 6 миңдейи жалпы билим берүүчү мектептерде окуса, эки миңден көбү көмөкчү мектептерде тарбияланат. Калганы үйүндө билим алат же таптакыр мектепке барбайт. Инклюзивдик билим берүү боюнча мыйзам азырынча кабыл алына элек.

Борбор Азиядагы Евразия фонду Кыргызстанда 2005-жылдан бери иштеп келет. Өлкөдөгү 56 мектепке инклюзивдик билим берүүнү киргизди.

Copyright © 2017 Maral FM