Биз менен байланышыңыз

Айылдарда «Санарип аймак» электрондук тутумуна каттоо жүрүүдө

Кыска кабар | 12 мая 2023 | 478 | 0

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик «Санарип аймак» электрондук тутумуна жарандарды жер-жерлерде каттоо кандай жүрүп жатканын көрсөттү.

11-майда ЖМК өкүлдөрү менен тийиштүү адистер Чүй облусунун Кант шаарынын мэриясында жана Аламүдүн айыл өкмөттөрүнүн аймагында болушту. Айыл өкмөттөрдүн тийиштүү адистери 10-майдан 31-майга чейин айылдарды кыдырып жарандарды каттоо ишин башташты.

Бүгүнкү  күндө «Санарип аймакка» 484 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы туташкан, анын ичинен 452си айыл өкмөтү, 32си шаар мэриясы.

Учурда 8 министрлик, 10 мекеме жана 47 коммерциалык банк менен «Санарип аймак» тутумунан “Түндүк” ведомстволор аралык маалымат алмашуу системасы аркылуу келишим түзүлдү.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин адистери 12-майда Ош облусунун аймагында болуп, «Санарип аймак» тумуна жарандарды каттап жатышат. Жарандар тиркеме аркылуу мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды онлайн алса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM