Биз менен байланышыңыз

Жергиликтүү кеңешке жаңы шайланган аял депутаттар үчүн окутуулар өттү

Кыска кабар | 2 мая 2023 | 378 | 0

Бишкекте жергиликтүү кеңешке жаңы шайланган аял депутаттар үчүн лидерлик боюнча үч күндүк окутуу өткөрүлдү. Бул тууралуу «Маралга» «Аялдарды колдоо борбору» коомдук бирикмесинен кабарлашты.

«Лидерлик мектебине» Талас, Чүй, Нарын облустарынан 34 депутат айым катышып, алар жергиликтүү кеңеш кандай мыйзамдар менен иш алып барарын, жергиликтүү бюджет, депутаттын иш-пландары жана айылдык кеңештин регламенти кантип түзүлөрү тууралуу билимдерин өөрчүтүштү.

Иш-чараны Аялдарды колдоо борбору ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурду.

Коомдук бюджеттик угууларды уюштурууда гендердик талап эске алынышы керектигин «Аялдарды колдоо борбору» коомдук бирикмесинин директору Бакен Досалиева тренинг учурунда белгиледи.

«Коом — аял-эркектен тургандан кийин, экөөнүн тең кызыкчылыктары каралышы керек. Жергиликтүү депутаттар анализ жасап, сөзсүз түрдө аялдардын, кары-картандардын жана балдардын жергиликтүү бюджетке тиешелүүлүгүн эске алып, бекитип бериши керек. «Лидерлик мектеп» алкагындагы окууда гендердик бюджет жана гендердик анализ тууралуу да билимин өөрчүтүп жатышат», — деп билдирди Бакен Досалиева.

Аялдар лидерликке жетүү үчүн кандай сапаттарга ээ болуп, аларды кантип өөрчүтүшү керектиги тууралуу мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянова да ой бөлүшкөн.

2023-жылдын жылдын 9-апрелинде Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Ал эми «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча 30 пайыздан кем эмес мандат аялдар үчүн резервге алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM