Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кыз ала качууга аракет кылган жигит кармалды

Кыска кабар | 2 мая 2023 | 182 | 0

Чүй облусунун Жол кайгуул кызматынын инспекторлору кызды ала качуу фактысы катталып, ага бөгөт коюлганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 2-майга караган түнү Бишкек шаарында 1998-жылы туулган Н.уулу А. аттуу жаран 2000-жылы туулган К.Аны ала качып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Ошол замат бөгөт коюу планы жарыяланып, инспекторлор Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны кармашкан. Унаадагы жарандар Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген. Унаа убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM