Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Жалал-Абадда өтөт

Кыска кабар , Спорт | 1 мая 2023 | 366 | 0

Бүгүн, 1-майда Жалал-Абад шаарындагы «Телтору» ат майданында көк бөрү боюнча республикалык мелдеш башталды. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясы билдирди.

9-майга чейин өтө турган оюндарда Жогорку Лигадан 6 команда, Биринчи лигадан 12 команда, Экинчи лигадан 9 команда жана Ардагерлер лигадан 8 команда биринчиликке ат салышат.

Жогорку лиганын «А» тайпасында: «Мурас» (Ысык-Көл), «Алтын-Альянс» (Талас), «Сары-Өзөн» (Чүй) командалары, «Б» тайпасында: «Жаштык» (Жалал-Абад), «Достук» (Ош), «Ынтымак» (Талас) командалары бар.

Жарым финалдык беттештер 6-7-майда, ал эми финалдык беттештер 8-9-майда өтөрү, жыйынтык азем 9-май — Жеңиш күнүндө болору белгилүү болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM