Биз менен байланышыңыз

Президент Караколдогу «Ак-Суу» балдар реабилитациялык борборуна барды

Кыска кабар | 30 Апр 2023 | 272 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-апрелде Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын «Ак-Суу» реабилитациялык бөлүмүнө барды.

Жүз орундуу борбор церебралдык шал оорусу менен балдарды дарылоого багытталган. Анын аймагында дарылык касиетке ээ жана бейтаптын нерв системасындагы бузулууларды калыбына келтирүүгө оң таасирин тийгизген термалдык радон булактары бар.

Учурда «Ак-Суу» реабилитациялык бөлүмүндө өлкөнүн ар кайсы облустарынан келген 72 бала дарыланууда. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында 500дөн ашык бала реабилитациядан өткөн.

Санаторийде совет доорунда курулган 3 корпус бар, алар бүгүнкү күндө капиталдык реконструкцияга муктаж. Ошол эле учурда балдарды реабилитациялоо жана аларды карап жаткан ата-энелер үчүн зарыл шарттар бар.

Президентке реабилитациялык борбордогу медицина кызматкерлери көйгөйлөрдү чечүү каражат керектиги айтылды. Жапаров борборду керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздоону, ошондой эле жаңы тез жардам унааларынын бирин бөлүп берүүнү тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM