Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Мирзиёев референдумга добуш берди (сүрөт)

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Апр 2023 | 329 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге Ташкенттин Мирзо-Улугбек районундагы 59-референдум участкасында референдумга добуш берди.

Бул тууралуу Мирзиёевдин басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн, 30-апрелде Өзбекстанда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жалпы элдик референдум өтүүдө.

Мурда кабарлангандай, Конституциянын беренелери 128ден 155ке чейин көбөйтүлүп, тексти 65% өзгөртүлөт. Жаңы Конституция кабыл алынса, президенттин мурдагы эки мөөнөтү жоюлуп, ал үчүнчү жолу шайланууга мүмкүндүк алат.

Баш мыйзамда бир адамдын белгилүү бир кызматка экиден ашык мөөнөткө катары менен шайлануусуна тыюу салган норма киригизилет. Бул эреже өлкө президентине, Мыйзам чыгаруу палатасынын спикерине, Сенат төрагасына жана башкаларга тиешелүү болот.

1995-жылы өткөн референдумдун жыйынтыгы менен Өзбекстандын ошол кездеги президенти Ислам Каримов шайлоо өткөрбөстөн бийликте дагы бир мөөнөткө калган. 2002-жылы Конституция азыркыдай эле өзгөртүлүп, президенттин ыйгарым укуктары 5 жылдан 7 жылга узартылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM