Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 1-майда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан жаабайт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метр, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…20,
Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +25…+27 градус болот.