Connect with us

Баткенде мектеп директорлору үчүн окутуу өтүүдө

Кыска кабар | 30 Апр 2023 | 333 | 0

Баткен облусундагы жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери  үчүн «Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент» аталышында 2 күндүк окутуу 29-апрелде башталды.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, октуунун ачылышына облус башчысы Абдикарим Алимбаев, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, министрдин кеңешчиси Гапыр Мадеминовдор катышып, билим берүү тармагын колдоо, мугалимдердин макамын көтөрүү, директорлордун ишин жакшыртуу боюнча сунуш пикирлерин айтышты.

Окутуунун максаты, мектеп директорлоруна заманбап менеджерлик усулдары, ыкмалары менен тааныштыруу, жеке иш тажрыйбалары менен бөлүшүү, билим берүү уюмдарына каражат тартуу боюнча долбоор жазууну үйрөтүү, эл аралык PISA программасына, жалпы республикалык тестирлөөгө окуучуларды даярдоо боюнча тажрыйба алмашуу.

Баткен облусунда бүгүнкү күндө 235 мамлекеттик, 11 менчик мектептер бар.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM