Connect with us

Нарында 7 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү кармалды

Кыска кабар | 30 Апр 2023 | 378 | 0

Нарында 7 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

28-апрелде саат 21:00 чамасында милицияга Нарын районундагы Орто-Нура айылынын тургуну кайрылып, кызы ошол күнү саат 12де үйүнөн чыгып, мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Аталган факты Нарын райондук милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Ошол эле күнү айыл эли чогулуп, издөө иштерин уюштуруп, болжол менен саат 22:10 чамасында аталган айылдагы кароосуз калган үйдүн ичинен кыздын сөөгүн табышкан. Сыртынан кароо жүргүзүүдө күч колдонулган белгилери аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция тарабынан кылмышка шектүү делип, Орто-Нура айылынын 64 жаштагы Х.Ш аттуу тургуну кармалган. Ал мас абалында болгон.

Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде иш козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM