Биз менен байланышыңыз

Баткенде килемдердин жарманкеси өтүп жатат (сүрөт)

Кыска кабар | 28 Апр 2023 | 300 | 0

Бүгүн, 28-апрелде Баткен шаарында туризмди өнүктүрүүгө багытталган форум өтүп жатат. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Анын алкагында, «Айгүл-Тоо», «Баткен күрүчү», «Көчмөндөрдүн тамак ашы» аттуу фестиваль, кол өнөрчүлөрдүн «Кыргыз килеми» эл аралык жарманкеси, «Мадыген» геопаркын ЮНЕСКОнун глобалдык геопарктар тармагына кошууга арналган иш-чаралар өтүүдө.

Өзгөчө Баткен килеми менен Баткен өрүгүнөн жасалган продукциялар көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Форумга Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова, президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, министрлер катышты.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM