Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев Кыргызстандагы кытайлык ишкерлерди кабыл алды

Кыска кабар | 27 Апр 2023 | 115 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту. Ал Кыргызстанда чет өлкөлүк капиталды коргоонун жана сактоонун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча боюнча чаралар тууралуу айтты.

«Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык компанияларда биздин өлкөдө бизнес жүргүзүү боюнча суроолору бар экенин билебиз. Ошол себептүү суроолоруңуздарды талкуулоо үчүн чогулдук. Президент чет элдик инвесторлордун укуктарын жана коопсуздугун өзгөчө көзөмөлгө алды. Министрлер кабинети да өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө», – деди Төрөбаев.

Кытайлык ишкерлер өз ара соода жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Статистикага ылайык, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Кытай менен болгон соода жүгүртүүсү 4 млрд 130 млн АКШ долларын түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM