Connect with us

БУУ: Баткенде өндүрүштүк-логистикалык борбор ачылды

Кыска кабар | 27 Апр 2023 | 265 | 0

Баткен облусунда өндүрүштүк-логистикалык борбор ишке кирди. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынан кабарлашты.

Борбор мектептер менен жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн ортосунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасы аркылуу байланыш түзүп, жакшыртылган логистикалык чынжырдын жардамы менен жергиликтүү дыйкандарга жаңы базарларда соода кылууга мүмкүнчүлүк берет. Бул пилоттук борбордун иш-аракеттери ийгиликтүү аткарылса, аны үлгү катары өлкөнүн башка аймактарына жайылтуу мүмкүнчүлүгү жаралат.

«Мектеп тамактануусу маанилүү ролго ээ, өкмөт балдардын ден соолугун биринчи орунга коюп, адам капиталына инвестициялоо – келечекке карай мыкты салым деп эсептейт. Билим берүү жана илим министрлиги БУУ ДАТП менен биргеликте мектеп тамактануу программасынын туруктуулугун камсыздоо максатында жигердүү кызматташып келет», — деп билдирди Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев.

Логистикалык борбор үч объекттен турат: жашылча сактоого ылайыкталган кампа жана изотермикалык унаа, кайра иштетүү комплекси жана мектептердеги айыл чарба продукциясынын сапатын текшерүү үчүн мобилдик лаборатория.

Улуттук мектеп тамактануу программасы БУУнун колдоосу менен 850дөн ашуун мектепте ишке ашырылып, башталгыч класстагы 232 000ге жакын бала ысык тамак-аш менен камсыз болууда.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өзгөчө кырдаалдарда чыр-чатактардан, табигый кырсыктардан жана климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган адамдарга туруктуу келечек курууга жардам берген дүйнөдөгү ири гуманитардык уюм.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM