Биз менен байланышыңыз

Балбан Акжол Махмудов Роман Власовду утту

Кыска кабар , Спорт | 27 Апр 2023 | 386 | 0

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен орусиялык балбан Роман Власовдун беттеши 26-апрелде Poddubny Wrestling League мелдешинин алкагында өттү.

77 кг салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов Роман Власовду 1:1 эсеби менен утуп, жеңишке жетти.

Акжол Мухмудов грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону жана Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, ал эми Роман Власов Дүйнөнүн үч жолку жана Олимпиаданын эки жолку чемпиону.

Иван Поддубный күрөш лигасынын турниринин алкагында кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков да орусиялык Динислам Бамматовду 7:2 эсеби менен утту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM