Бүгүн, 26-апрель күнү Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылында куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жерине облустук башкармалыктын башчысы жетектеген штаб тартылган. Мындан сырткары өрттү өчүрүүгө жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылды.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен түшкү саат 12:37де чектөөгө алынып, өчүрүлгөн. Өрттүн аянты болжолдуу аянты 70 сотыхты түзөт.
24-мартта жана 25-мартта Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-2 айылында өрт чыгып, жалпы 55 гектарга жакын аянтты каптаган.