Биз менен байланышыңыз

Казакстанда жайында электр энергиясы үчүн тарифтер жогорулайт

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Апр 2023 | 387 | 0

Казакстанда жай айларында калк үчүн электр энергиясынын баасы жогорулайт. Бул тууралуу өлкөнүн улуттук экономика министри Алибек Куантыров билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Министрдин айтымында, тарифтерди болжол менен июнь-июль айларында өндүрүүчү уюмдардын эсебинен жогорулатуу пландалууда. Ошол эле маалда министр тарифтер канча пайызга көтөрүлөрүн тактаган эмес.

«Тарифтер аймактарга жараша болот. Экибастузда 108 пайызга жогорулатуу жөнүндө айтып жатышат. Биз андайга барбайбыз. Талкуулап, тарифтер калк үчүн ылайыктуу болгудай иш алып барабыз», – деди Куантыров.

Министр тарифтерди эскилиги жеткен түйүндөрдү модернизациялап, бул тармакта иштеген жумушчулардын айлыктарын көтөрүү үчүн жогорулатуу пландап жатканын айтты.

«Бирок жылуулук түйүндөрүн модернизациялоо маселеси тарифтер аркылуу гана чечилбейт. Мында инвестиция менен жоопкерчиликтин бир бөлүгү жылуулук түйүндөрүнүн ээлерине, калганы бюджетке жүктөлүүдө», – деди ал.

Казакстан бийлиги жылуулук үчүн да тарифтерди жогорулатууга ниеттенүүдө. Апрелдин ортосунда президент Касым-Жомарт Токаев аймактардагы Жылуулук электр борборлору (ЖЭБ) жөнүндө айтып жатып, жылуулук үчүн тарифтерди көтөрүү зарыл экенин билдирген.

Казак өкмөтү айдын башында күйүүчү майга болгон бааны да көтөрүү ниетин билдирген. Энергетика министрлиги алгач бензин баасын 11%га, дизелдикин 20%га жогорулатуу чечимин кабыл алган. Мекеме бул чечимин күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгынын алдын алуу чарасы менен түшүндүргөн.

Андан соң Энергетика министрлиги Алматыда жана бир нече башка аймактарда автогаздын баасын көтөрүү планы жөнүндө билдирген.

Кыргызстанда да май айынан электр энергиясына болгон тарифтер жогорулайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM