Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Акжол Махмудов менен Роман Власов күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 26 Апр 2023 | 627 | 0

Бүгүн, 26-апрелде грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен орусиялык спортчу Роман Власов күрөшөт. Беттеш Алматы шаарында Poddubny Wrestling League-4 мелдешинин алкагында өтөт.

Махмудов менен Власов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта күч сынашат.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат. Ал эми Махмудов менен Власовдун кармашы болжол менен саат 23:00дө болот.

Буга чейин Акжол Махмудов беттеш алдында соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасаган.

«Роман Власов экөөбүздүн кармашуубуз тарыхый окуя болорун билем. Андыктан күрөшкө өтө жоопкерчилик менен чыгып, жеңишти илип кетүү үчүн колдон келген аракеттин баарын жасайм. Карьерамдагы бул маанилүү учурга күбө болуп жатканыңар мени абдан кубандырат», — деп жазган балбан.

Белгилей кетсек, Акжол Мухмудов грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону жана Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, ал эми Роман Власов Дүйнөнүн үч жолку жана Олимпиаданын эки жолку чемпиону.

Эскерте кетсек, Poddubny Wrestling League-4 мелдешинин алкагында Махмудовдон тышкары дагы 3 кыргызстандык балбан: Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков жана эркин күрөштөн Тайырбек Жумашбек уулу күрөшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM