Жогорку Кеңештин бүгүн, 26-апрелдеги жыйыны өтпөй турган болду.
Парламенттен басма сөз кызматынын маалыматына караганда, күн тартибине киргизилген мыйзам долбоорлорунун демилгечилери жүйөөлүү себептерден улам жыйынга катыша албагандыгын билдиршкен.
26-апрелде каралышы керек болгон маселелер Жогорку Кеңештин 27-апрелде өтө турган жыйынын күн тартибине бириктирилди.