Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык куткаруучу Түркиянын мамлекеттик медалын алды

Кыска кабар | 26 Апр 2023 | 151 | 0

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жер титирөөлөрдөн улам куткаруу иштеринде жана кырсыктын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөткөндөргө мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Алардын арасында кыргызстандык куткаруучу Темирлан Жумамүдүнов да бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Эрдоган Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүновду Түркиянын «Адамдарды куткаруудагы эрдиги жана жан аябастыгы үчүн» жогорку даражадагы мамлекеттик медалы, ошондой эле Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевди «Ардак грамота» менен сыйлады.

Сыйлоо аземине өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов да катышты.

Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөткөн чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи 25-апрелде Түркиянын Анкара шарындагы Президенттик сарайда өткөн.

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахранманмараш жана Хатай шаарларында издөө-куткаруу иштерин ийгиликтүү жүргүзүп, натыйжада урандылардын арасынан 8 адамды тирүү куткарып, 198 адамдын сөөгү чыгарган.

Мындан тышкары, Кыргызстан жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн талаа ооруканасын, ошондой эле Кахранманмараш шаарына боз үй шаарчасын куруп берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM