28-апрелде Кыргыз драма театрында Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде сахналаштырылган «Эрте келген турналар» спектакли коюлат.
Спектаклде эки элдин достугун бекемдөө, маданий алаканы күчөтүү максатында Өзбекстандын Каттакурган шаардык драма театры менен Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актёрлору ролдорду чогуу ойношот.
Спектакль 28-апрелде, саат 18:30да башталат.