Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 26-апрелде күн ачык болот

Кыска кабар | 25 Апр 2023 | 271 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 26-апрелге караган түнү Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,

Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20,

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…19,

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +22…+24 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM