Connect with us

Баткендин Кара-Булак айыл аймагында «Тазалык» ишканасы ачылды

Кыска кабар | 25 Апр 2023 | 174 | 0

Айыл өкмөттөрдө да «Тазалык» ишканасын ачуу демилгеси биринчилерден болуп Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагында ишке ашты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Президенттин аталган облустагы өкүлү Абдикарим Алимбаев ишкананын ачылышы менен жаңы жумуш орундары түзүлгөнүн жана айлананын тазалыгы үчүн да маанилүү экенин айтты. «Тазалык» ишканасына Кара-Булак айыл аймагынын бюджетинен 300 миң сом бөлүнүп берилди.

«Учурда ишканага жетекчи болуп дайындалган Жумабай Осмонов өзүнүн жеке унаасын таштанды жыйноо үчүн пайдаланууда. Айыл аймакта ар бир жаранга ай сайын таштанды үчүн 15 сом төлөм бекитилген. Өзүн-өзү каржылоо багытында ачылган ишкана алдыда жумушчулардын санын көбөйтүүнү пландоодо», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM