Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк балдар адабиятынан дагы бир китеп кыргызчаланды

Кыска кабар | 25 Апр 2023 | 227 | 0

Канадалык балдар жазуучусу Натали Хайддын «Булак башында» китеби кыргызчаланып, «Китепстан» басма үйү тарабынан басылып чыкты. Китепти Алтынай Токтоматова которгон. Эмгек 12 жаштан жогору балдарга сунушталат.

Бул чыгармада Крис Диринг аттуу каарман үй-бүлөсүнөн калган алтынды издейт. Кристин чоң атасы Уоллес алтынды кай жерден казып алуу тууралуу 100 пайыз чындыкты айтпаганы билинет. Крис жаш болсо да көптөгөн тоскоолдуктарга туруштук берип, алтын казып алуу сырларын да өздөштүрөт. Бактыга жараша Крис эң жакын досу жана ага кайдыгер карабаган адамдардын курчоосунда максатына жетет.

Чыгарма балдарды кыйынчылыктарга моюн сунбоого, максаттарына жете билүүгө, тайманбастыкка үндөйт.

Белгилей кетсек, Натали Хайддын «Шахта» чыгармасы да кыргызчага которулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM