Биз менен байланышыңыз

Филологиянын биринчи кандидаты Тазабек Саманчиндин китеби жарык көрдү

Кыска кабар | 25 Апр 2023 | 548 | 0

Кыргыз адабият таануу илиминдеги алгачкы илимий диссертациялык эмгектин автору, филология илимдеринин эң биринчи кандидаты Тазабек Саманчиндин илимий жана көркөм чыгармаларын камтыган «Репрессияланган адабият: Тазабек Саманчин» китеби «Манас» улуттук академиясы тарабынан жарык көрдү. Бул тууралуу аталган академиядан кабарлашты.

Совет мезгилинде улутчул көз карашы жана аракети үчүн абакка кесилген Тазабек Саманчиндин чыгармаларын жайылтуу максатында жарык көрүп жаткан «Репрессияланган адабият: Тазабек Саманчин» китебинин бет ачары 27-апрелде «Манас» академиясында өтөт. Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаттары, Улуттук илимдер академиясынын илимпоздору катышат.

Бул жыйнакка Тазабек Саманчиндин адабият, аны окутуудагы көйгөйлүү маселелер, фольклор, акындар поэзиясы жаатындагы изилдөө жана сын макалалары, көркөм чыгармалары топтоштурулду. Ошону менен бирге адабиятчынын чыгармачылыгы аркылуу ошол мезгил тууралуу маалымат камтуу аракети көрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM