28-апрелден тарта Бишкектеги С. Садыгалиев көчөсүнүн түштүк багытындагы А.Волков көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгүндө бир тараптуу кыймыл уюштурулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Мындай чечим өткөрүү жөндөмдүүлүгүн, коопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу жана кырсыктарды азайтуу максатында кабыл алынган.
Бул көчөлөрдүн кесилиштеринде жүргүзүлгөн изилдөөлөр С. Садыгалиев көчөсү менен бара жаткан унаалардын агымына туруштук бере албай тургандыгын көрсөткөн.